Сулайман-Тоо толугу менен реконструкциядан өтөт

Сулайман-Тоо толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-март күнү «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексиндеги жыйында айтылды.

Жыйынга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) аткаруучу директору Марс Наспеков, Ош шаарынын мэрия, вице-мэрлер, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, музей комплекстин кызматкерлери катышты.

 Жыйында Сулайман-Тоону реконструкциялоо иштеринин долбоорун тааныштыруу жараяны болуп, АРИСтин өкүлдөрү маалымат берди. Аталган агенттиктин  өкүлү билдиргендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) жана эскиздик долбоору Маданиятр министрлиги, ЮНЕСКО жана Дүйнөлүк банк менен макулдашылган.

«Бүгүнкү күндө жумушчу долбоорду даярдоо иштери жүрүп жатат. Ал эки этабга бөлүнөт. Биринчиси, ТЭОну даярдоо, инфраструктуранын ПСДсын даярдоо. Экинчиси, музейдин экспозициясын иштөө, интерьердин деталдык дизайнын иштөө болуп саналат», - деди АРИСтин өкүлү.

Ал кошумчалагандай, долбоор 12 бөлүктөн турат. Ал 3 этабга бөлүнгөн.

«Биринчи этаб боюнча, гольфкарлардын жолун куруу, оңдоо, Буркия Мавзолейин оңдоо, Суу дарбазасын оңдоо, акыркы коло дооруна таандык эстеликтер, Үйкүр музейинин жолун оңдоо маселелери кирет. Биринчи этаб боюнча 30-апрелде курулуш иштерин баштоо үчүн тендер жарыялайбыз. Экинчи этаб, боюнча, тоо дарбазасын, от дарбазасын, тоо жолун, административдик имаратты, этнографиялык музейди оңдоо маселелери каралган. Бул боюнча курулуш иштери баштоо үчүн 1-июнда тендер жарыяланат», - деди ал.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Сулайман-Тоону реконструкциялоон 3 этабга бөлүп отурбай эле, баарын бир учурда жасаса болору боюнча сунушун айтты.

«Азыр оңдоо иштери башталганда тоону жабабызда, туурабы? Бир жаап туруп эле, биринчи этаб, экинчи этаб, үчүнчү этаб дебей эле, тоону белгилүү бир убакытка бир жаап туруп, бир бүтүрсөу болбойбу?», - деди ал.

 ЮНЕСКОнун өкүлү музей-комплекстин администрациясы реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө баарын бир жаппай, курулуш болуп жаткан гана аймакты жаап турса болору боюнча сунушун бергенин билдирди.

«Бүт баарын таптакыр жаап салсак, эч ким кире албай калат», - деди ал.

Министр өз кезегинде коопсуздук маселеси бар экенин, тоону белгилүү убакытка жаап туруп, курулуш иштерин жалпы бир бүтүрүп салса болорун белгиледи.

«Акча маселеси чечилген. 16,5 млн доллар акча бөлүнгөнү  жатат. Жумушчу долбоору даяр. Ушуну Курулуш министрилгинен, мына Жанар Кубанычовичтен суранып, документ иштерин тезирээк бүтүрүп бергилеп деп туруп эле, бир учурда бардык курулуш иштерин бүтүрүп салсак жакшы эле», - деди министр.

 Өз учурунда Ош шаарынын мэри Жанар Акаев туристтерди гольфко колдонула турган унаалар менен белгилүү бер чекиттен белгилүү бир чекитке чейин алып бара турган кылбай эле, ошол жолду Сулайман-Тоону толук айлана турган кылып жасаса болору боюнча сунушун билдирди.

«Мына бул маселени талкуулап жатылышына 7 жыл болуптур. 7 жылдан бери Сулайман-Тоону реконструкциялоо иштери жүрбөй келет. Ушул долбоордун башталганына 7 жыл болуптур. Андан бери килейген-килейген имараттар курулуп калды. Азыр бир чечкиндүү кадамга барбасак, дагы ошончо жүрө беребиз. Ошону үчүн баарыбыз чогуу биргеликте аракет кылабыз дегенибиз жакшы. Ошто туристтер Ленин чокусуна барат, анан Сулайман-Тоодон башка алып бара турган жерибиз жок. 16 млн доллардан ашык акча бөлүнүп жаткан болсо, абдан көп акча экен. Биз 19,5 млн долларга Евразия өнүктүрүү банкы менен эки эстакадалык көпүрөнүн курулушун баштап жатабыз.

Сиздердин долбоор боюнча туристтерди ташый турган электроунаалардын жолу кыска аралыкка эле болуп жатат. Биз Мирбек Кемелович, АРИС менен кеңешип, биротол эле радикалдуу иш жасасак. Биздин сунушубуз – ушул жолду токтотпой эле тоону толук айлана турган кылып куруп койсок жакшы эле. Биз акча каражатын табабыз, үй бар жарандар менен сүйлөшөбүз, андагы чек ара кызматынын имаратынын үстү менен өтө турган кылып жол куралы.  Туристтер ошол жол менен тоону бир айланып чыкса, жолдоо токтоп, дагы бир нерселерди көрө турган жерлер болсо жакшы эле деди», - Акаев.

Деген менен Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри ал учурда сунушту толук колдорун, ошол эле кезде жабык маалыматтар бар экенин айтып, ЖМК өкүлдөрүн жыйындан чыгып туруусун суранды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз