"Украинадагы жаңжалды «тоңдуруу» мүмкүн эмес": Песков Казакстандын президентине жооп берди
Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин «Стамбул келишимдерине» кайтуу тууралуу сунушуна жооп берди.
Орусиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, Песков Киевдин азыркы позициясын эске алганда Украинадагы жаңжалды «тоңдуруу» мүмкүн эмес экенин билдирди.
Буга чейин Владимир Путин менен жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинадагы жаңжалды убактылуу токтотуп, кайрадан «Стамбул формуласына» кайтуу керек деген пикирин айткан. Ошол эле учурда ал бул жаңжалда ортомчу болууну каалабай турганын да белгилеген.
Песковдун айтымында, Орусия үчүн негизги артыкчылык өзүнүн алдына койгон максаттарына жетүү бойдон калууда.
«Бул максаттар түшүнүктүү жана ырааттуу. Ошондуктан Киев режими тиешелүү чечимдерди кабыл алса, мунун баары бүгүн эле, күндүн аягына чейин токтошу мүмкүн», — деген ал.
Ошондой эле Песковдун маалыматына караганда, Путин Токаевдин сунушуна жооп берип жатып, ага «атайын аскердик операциянын» (СВО) жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

