Владимир Путин эмгек мигранттарынын өлкөдө жүрүү тартибин катаалдаштырган мыйзамга кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин эмгек мигранттарынын өлкөдө жүрүү тартибин катаалдаштырган мыйзамга кол койду. Документ расмий укуктук актылар порталына жарыяланды.

Жаңы мыйзамга ылайык, эми эмгек мигранттары өздөрүн жана Орусияда өзү менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн жашаган аймактагы жашоо минимумунан төмөн эмес деңгээлде камсыз кылууга милдеттүү. Эгер бул талап аткарылбаса, аларга эмгек патенти же иштөөгө уруксат мөөнөтү узартылбайт. Мындай учурда мигранттар жашы жете элек балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш.

Мыйзамда ошондой эле, эгер чет өлкөлүк жаран бир эле учурда Орусиянын эки же андан көп аймагында иштесе, анда анын кирешеси ошол аймактардын ичинен жашоо минимуму эң жогору болгон субъекттин көрсөткүчүнө жараша эсептелери белгиленген.

Мындан тышкары, мигранттардын балдары 18 жашка толгондон кийин өз алдынча эмгек патентин тариздеши же 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши керек. Ал эми жашы жете элек балдардын убактылуу жүрүү мөөнөтү ата-энесинин патентинин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Жаңы мыйзам мигранттарды өздөрү жана жашы жете элек балдары үчүн жеке киреше салыгынын (НДФЛ) алдын ала төлөмүн төлөөгө да милдеттендирет.

Бул талап жеке адамдардын үй чарбасында, уюмдарда, жеке ишкерлерде, ошондой эле жеке практика жүргүзгөн нотариустарда жана адвокаттарда патент менен иштеген мигранттарга тиешелүү. Ошондой эле патентсиз иштөөгө укугу бар чет өлкөлүк жарандар да мыйзамдын талабына баш ийет.

Алдын ала төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүдөй болот:

  • жеке үй чарбаларында патент менен иштегендер үчүн — айына 1,7 миң рубль;
  • уюмдарда жана жеке ишкерлерде патент менен иштегендер үчүн — айына 1,2 миң рубль;
  • патентсиз иштегендер үчүн — айына 1,7 миң рубль.

Бирок акыркы категориядагы адамдар ишкердик менен гана алектенген же уюмдарда, жеке ишкерлерде иштеген айлар үчүн бул төлөмдү төлөбөйт. Төлөмдөрдүн өлчөмү жыл сайын дефлятор коэффициенти жана аймактык коэффициент боюнча индексацияланып турат.

Мыйзамдар топтомун Мамлекеттик Дума 8-июлда экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Кийин аны Федерация Кеңеши жактырган. Мыйзамдын негизги жоболору 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Ошондой эле бүгүнтөн тартып мигранттар үчүн мамлекеттик алымдардын өлчөмү да көбөйдү:

  • Орусиянын жарандыгын алуу үчүн — 50 миң рубль;
  • жашап турууга уруксат (ВНЖ) үчүн — 30 миң рубль;
  • убактылуу жашоого уруксат (РВП) үчүн — 15 миң рубль;
  • чет өлкөлүк жаранды ишке орноштурууга уруксат берүү үчүн — ар бир адамга 15 миң рубль.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, мамлекеттик алымдардын көбөйүшү бюджетке жыл сайын 15 миллиард рублдан ашык кошумча киреше алып келет.

«2024-жылдан бери Мамлекеттик Дума миграциялык саясатты системалуу түрдө өркүндөтүп келет. Жалпысынан 32 мыйзам кабыл алынды, алардын 21и депутаттар тарабынан демилгеленген. Бул биздин жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин бекемдөө менен катар, Орусияга иштегени келген адамдардан бюджетке түшкөн кирешени да кыйла көбөйтөт. Өткөн жылы гана патент менен иштеген мигранттардан түшкөн жеке киреше салыгынын көлөмү 40 пайызга өстү», — деди Володин.

Мындан сырткары, Мамлекеттик Дума дагы бир мыйзам кабыл алып, Орусияда же чет өлкөдө жасаган кылмышы үчүн соттуулугу жоюла элек же алынбаган мигранттарга Орусиянын жарандыгын же өлкөдө жашоого уруксат берүүгө тыюу салды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз