Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык иштери жүрүүдө
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чараларга даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн текшерди.
Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.
Жыйынтыгында Касымалиев тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

