ӨКМдин кызматкерлери кармалды
Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, коррупцияга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө ӨКМдин Бишкектеги башкармалыгынын кызматкерлери пара алып жүргөнү аныкталды. Алар долбоордук уюмдардын өкүлдөрүнөн долбоордук документтерди оң кароо жана тиешелүү эксперттик корутундуларды даярдап берүү үчүн системалуу түрдө акча каражаттарын талап кылып, алып жүрүшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз акчалай сый акынын өлчөмү 8000 сомдон 50 000 сомго чейин өзгөрүп турганы белгилүү болду.
УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында аталган башкармалыктын жетекчилеринин бири М.И. жана улук инспектору М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

