Жапонияда жер титирөө катталып, 13 адам каза болду

Шейшемби күнү Жапониянын түштүк аймагында күчү 7,1 магнитудага жеткен катуу жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн очогу Кюсю аралынын аймагында жайгашкан. BBC басылмасы өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаичиге шилтеме берүү менен билдиргендей, кырсыктан кеминде 13 адам каза болду.

Жер титирөөнүн кесепетинен Кумамото префектурасындагы Aeon Mall соода борбору урап калды. Буга чейин префектуранын өкүлү Акино Сонода урандылардын алдынан сегиз адам куткарылганын билдирген. Бирок жергиликтүү бийлик дайынсыз жоголгондордун санын жана имараттын ичинде камалып калган адамдар тууралуу маалыматты дагы эле тактап жатат.

Жер титирөөдөн кийин соода борборунун ичинде жарылуу да болгон. Aeon компаниясынын өкүлүнүн айтымында, биринчи жер силкингенден кийин эле бардык кардарлар менен кызматкерлер коопсуз жерге эвакуацияланган. Куткаруучулардын жана жергиликтүү бийликтин алдын ала маалыматына ылайык, жарылууга газдын агып кетиши себеп болгон.

Премьер-министр Такаичинин маалыматына караганда, айрым аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, өрттөр чыккан. Ошондой эле жолдор менен көпүрөлөр жабыркаган.

NHK телеканалы билдиргендей, негизги автоунаа жолдорунда, анын ичинде эстакадаларда чоң жаракалар пайда болгон. Темир жол каттамдары убактылуу токтотулуп, авиакаттамдар жокко чыгарылган. Ал эми Асо–Кумамото аэропортунун учуп-конуу тилкеси жабылган.

Мындан тышкары, Кумамото префектурасындагы Яцусиро станциясында жер титирөө учурунда поезд рельстен чыгып, капталына оодарылып кеткен. Жалпыга маалымдоо каражаттары көрсөткөн абадан тартылган сүрөттөрдө көпүрөнүн да урап калганы көрүнгөн.

Кумамото префектурасынын Яцусиро шаарындагы Nippon Paper Industries кагаз фабрикасында да дайынсыз жоголгондор изделүүдө. Анткени жер титирөөнүн кесепетинен ишкананын түтүк мору кулап түшкөн.

NHK басылмасынын маалыматына ылайык, жергиликтүү ооруканалардын бири 50дөн ашык жабырлануучуну кабыл алган. Ал эми Nikkei басылмасынын жазганына караганда, жер титирөө маалында ылдам жүрүүчү поездде бара жаткан бир нече адам жаракат алган.

Жапониянын Метеорология агенттиги негизги жер титирөөдөн кийин жалпысынан 61 афтершок (кайталама жер титирөө) катталганын билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз