Орус армиясынын штаты 2,5 млнго чейин көбөйтүлдү
Орусиянын президенти Владимир Путин армиянын штаттык санын 2 млн 426 миң 130 адамга чейин көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Аскер кызматкерлеринин саны 1 млн 510 миңден 1 млн 535 миң адамга чейин көбөйдү.
Жарлык 1-августтан тарта күчүнө кирет. Документте бул өзгөртүүлөр Орусия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө аскердик-курулуш бөлүктөрүнүн түзүлүшү менен байланыштуу экендиги айтылат.
Армиянын штаттык санын көбөйтүү тууралуу мурунку жарлыкка бир айдан ашыгыраак убакыт мурда кол коюлган.
Соңку жарым жыл ичинде бул армия санынын азайып-көбөйүшү боюнча үчүнчү өзгөртүү болду. Мурунку эки жарлыкка 2026-жылдын март жана июнь айларында кол коюлган.
Орусия аскердик аракеттер башталгандан бери армиянын санын алтынчы жолу көбөйтүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

