Мыйзамсыз автоунаа жарышына түшкөн унаалардын бири Ысык-Көлдөн, бири Бишкектен табылды

Мыйзамсыз көчө жарышынан кийин издөөгө жарыяланган автоунаалар табылды. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда «Манас» эл аралык аэропортуна алып баруучу жаңы оңдолгон жолдогу көчө жарыштары тартылган видео тараган. Видео жарыялангандан кийин кайгуулчулар жарыштын айрым катышуучуларын аныктап, алардын унааларын айып короого киргизишкен. Калган эреже бузуучуларды издөө иштери улантылган.

Жыйынтыгында изделген автоунаалардын бири Чолпон-Ата шаарынан, экинчиси Бишкектен табылды. Эки унаа тең айып короого киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз