Президент Астанадан Чолпон-Атага учуп келди
Президент Садыр Жапаров Астана шаарында «Келечек оюндары-2026» эл аралык мультиспорттук турниринин ачылыш аземине катышып, түндө Чолпон-Атага учуп келди.
Иш-чарага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон катышты.
30-августта Садыр Жапаров Чолпон-Атадан Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерин, ошондой эле Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди тосуп алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

