Иран Каспий деңизиндеги соода кемелери үчүн Украинадан кенемте талап кылды
Украина Ирандын жарандык кемелерине жана адамдарга сокку урууну максат кылган эмес. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен сүйлөшүү учурунда билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Сибига сүйлөшүүнү өзү демилгелегенин жана эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөтпөө үчүн ачык сүйлөшүү өткөргөнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды. Анын айтымында, Украинанын аракеттери Орусиядан коргонууга гана багытталган.
Өз кезегинде Тегеран Каспий деңизинде чөккөн кеме үчүн Украинадан компенсация талап кылды. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи өлкө жаңжалды күчөтүүнү каалабай турганын, бирок өз жарандарына же кызыкчылыктарына чабуул жасалышына жол берилбей турганын билдирди.
Буга чейин 25-июлда украин күчтөрү Ирандын эки соода кемесине сокку урганы кабарланган. Бир деңизчи каза болуп, дагы бири жаракат алган. Владимир Зеленский кемелер Орусияга аскердик жүк ташып бара жатканын билдирген. Иран бул маалыматты четке кагып, жооп кайтарарын эскерткен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

