Казакстандын Тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы менен сокку урулган мунай кууру тууралуу сүйлөштү
Казакстандын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, тараптар сүйлөшүүдө Каспий түтүк консорциумунун (КТК) айланасындагы кырдаалды кеңири талкуулашты. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүккө байланышкан эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибин карап чыгып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин АКШда өтүүчү G20 саммитине катыша турган алдыдагы сапарына даярдык маселелерин да сүйлөшүштү.
Өз кезегинде АКШнын Мамлекеттик департаменти билдиргендей, сүйлөшүүдө энергетикалык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулган.
«Тараптар энергетикалык коопсуздуктун маанилүүлүгүн, анын ичинде Каспий түтүк консорциумунун системасы аркылуу казак мунайын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз экспорттоону камсыз кылуу аймактагы туруктуулук менен гүлдөп-өнүгүү үчүн өтө маанилүү экенин талкуулашты», — деп айтылат билдирүүдө.
Марко Рубио ошондой эле Казакстанга АКШнын президенти Дональд Трамптын тынчтык демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирип, Вашингтон эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Каспий түтүк консорциуму (КТК) Казакстандын эң ири мунай кендерин Орусиянын Новороссийск шаарына жакын жайгашкан Кара деңиз жээгиндеги терминал менен байланыштырат. Казакстандын мунай экспортунун болжол менен 80 пайызы дал ушул түтүк аркылуу ташылат.
17, 19 жана 20-июлда казак тарап мунайды танкерлерге жүктөө учурунда терминалдарга чабуул жасалганы тууралуу билдирген. Натыйжада сактоо кубаттуулугу жетишсиз болуп, терминалдарда мунай өндүрүү көлөмү убактылуу кыскартылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

