Айжигитов Ашимованы кечирим суроону жана фракциянын тизмесинен чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылды

Депутат Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынын аны фракциядан чыгаруу чечимин жокко чыгарууну талап кылды.

Депутат 5-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу өз оюн айтып, бир катар сунуштарын билдирген. Бул билдирүүдөн кийин ал «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылган.
 
Айжигитов 19-мартта парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин депутатынын көз карандысыздыгы жана кол тийбестиги Конституция жана мыйзамдар менен корголорун белгиледи. Анын айтымында, депутаттын көз карандысыздыгы анын эч кимдин көрсөтмөлөрүнө баш ийбөөсүн, ыйгарым укуктарын эркин аткаруусун, ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүгө жол берилбесин жана топтук басымдан корголушун билдирет.
 
Ал 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "баарыбызга белгилүү болгон келишимдин" долбоору боюнча өз позициясын билдиргенин эске салды.
 
«Мен көз карандысыз депутаттык позициямды билдирдим, фракциянын позициясын эмес. Муну менен байланыштуу фракциянын лидери Ашимова шашылыш жыйын чакырып, Айжигитов өз билдирүүсүн фракция менен макулдашкан эмес жана фракцияны "подставага" алып келди деп жарыялады. Бирок бул подстава эмнеде экени түшүндүрүлгөн жок», — деди ал.
 
Анын айтымында, Ашимова аны фракциядан чыгаруу боюнча сунуш киргизген. Депутаттар Динара Ашимова, Винера Раимбачаева жана Эрнис Айдаралиев "макул" деп добуш беришкен, Замирбек Мамасадыков "калыс" болгон, ал эми Султанбай Айжигитов өзү "каршы" добуш берген.
 
«Депутаттын ишмердүүлүгүн жөнгө салган бир да документте анын сүйлөгөн сөзүн фракция менен макулдашуу талабы каралган эмес», — деди Айжигитов.
 
Ал фракциянын аны чыгаруу боюнча чечими түзүлгөн протоколдо Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын 12-беренесине шилтеме жасалганын билдирди. «Бирок бул мыйзамдын 12-беренесине ылайык, фракция лидери депутатты фракциядан чыгаруу маселесин көтөрүүгө укуктуу эмес», — деп белгиледи ал.
 
Султанбай Айжигитов Динара Ашимованы ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыптады.
 
Ал «Ыйман Нуру» фракциясынын "мыйзамсыз чечимин" жокко чыгарууну, Ашимованын эл алдында кечирим сурашын жана анын фракция лидери кызматынан өз ыктыяры менен кетишин талап кылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз