Султанбай Айжигитов "Ыман Нуру" фракциясынан чыгарылды
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов «Ыйман Нуру» фракциясынан чыгарылды.
Бул чечим 5-мартта фракциянын кезексиз жыйынында көпчүлүк добуш менен кабыл алынган (3 - макул, 1 - калыс, 1 - каршы). Айжигитов жыйынга катышкан.
Буга чейин парламент жыйынында фракция лидери Динара Ашимова Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөгөн сөзүн фракция менен макулдашпаганын билдирип, анын маселеси караларын айткан.
Фракциянын курамына төмөнкү депутаттар кирет:
Динара Ашимова
Винера Раимбачаева
Замирбек Мамасадыков
Эрнис Айдаралиев.
Айжигитов мындан ары парламентте көз карандысыз депутат катары кала берет.
Султанбай Айжигитов бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы айрым жерлер тажик тараптын пайдасына чечилгенин билдирген болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.