Бишкекте балдардын өзгөчө абалы жарандардын күмөнүн жаратты

Антинаркотикалык активист социалдык тармактагы баракчасына үч жигиттин шектүү жүрүм-туруму тартылган видеону жарыялады.

Кадрларда жаш жигиттер жерге отуруп, үргүлөп жаткандай абалда көрүнөт. Видеонун автору алардын баңгизаттын таасири алдында болушу мүмкүн экенин болжолдогон. Тасма Үмөталиев менен Чүйков көчөлөрүнүн кесилишиндеги гараж кооперативинин аймагында тартылган.

31-июлда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча сотко чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

«Учурда бардык зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — деп маалымдашты милициядан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз