Кыргызстандын сулуу кыздары аныкталды

Бишкекте 29-июлда «Miss Kyrgyzstan — 2026» улуттук сулуулук сынагынын жыйынтыгы чыгарылды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Сулуулук сынагы 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйылкы сынакка 27 кыз катышты.

Жыйынтыгында үч номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

— «Miss Kyrgyzstan Universe — 2026» титулун Айдана Айбашова жеңип алды (23 жашта, мамлекеттик түзүмдө иштейт, 5 тилде сүйлөйт);

— «Miss Kyrgyzstan International — 2026» титулун Адеми Разабекова алды (19 жашта, актриса, «Акмарал» мамлекеттик ансамблинин кесипкөй балет артисти, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайын аяктаган, Б. Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство улуттук университетинде актерлук кесип боюнча окуйт);

— «Miss Kyrgyzstan Earth — 2026» титулу Адина Бектуровага ыйгарылды (26 жашта, аба гимнасты, Москвада өзүнүн сулуулук салонун ачкан, суунун үстүндө 200 метр бийиктикте, саатына 60 чакырым ылдамдыкта камсыздандыруусуз акробатикалык элементтерди аткарган).

Ошондой эле сынактын башка катышуучулары да белгиленди:

— 4-орунду Каныкей Талантова ээлеп, «Бишкек сулуусу-2026» титулуна ээ болду;

— 5-орунду Карина Бегматова ээлеп, «Кыргызстан ханышасы-2026» титулунун ээси болду.

Сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова 2023-жылга чейин бир гана жеңүүчү аныкталып келгенин, ошол эле жылы уюштуруучулар үч эл аралык сулуулук сынагына катышууга лицензия алышып, 2024-жылдан тартып жыл сайын 3 сулуу тандалып жатканын айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз