Кыргызстандын кыздар курамасынын дүйнө чемпионатындагы жыйынтыгы белгилүү болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча кыздардын өспүрүмдөр курама командасы Азербайжанда өткөн дүйнө чемпионатын медалсыз аяктады.

17 жашка чейинки балбандар арасында өткөн дүйнө чемпионаты 29–31-июль күндөрү уюштурулуп, жалпысынан 10 салмак категориясында байгелер ойнотулду.

Кыргызстандын курамынан 9 балбан кыз күч сынашып, байгелүү орундарды ээлей алышкан жок.

Курама команданын эң мыкты жыйынтыгын 69 кг салмактагы Милана Уланова көрсөттү. Ал жарым финалга чейин жетип, мелдешти 5-орунда жыйынтыктады.

Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын жыйынтыктары (U-17):

40 кг чейин

  • 7-орун — Өзгөрүш Касымбекова

43 кг чейин

  • 11-орун — Асема Асангариева

46 кг чейин

  • 7-орун — Аяна Ниязбекова

49 кг чейин

  • 7-орун — Аяна Асылбекова

53 кг чейин

  • 8-орун — Айдеми Асангазиева

57 кг чейин

  • 13-орун — Муслима Болотбекова

65 кг чейин

  • 23-орун — Алина Джаркынбаева

69 кг чейин

  • 5-орун — Милана Уланова

73 кг чейин

  • 17-орун — Диана Тургунбекова

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз