Зеленский Украинанын Кыргызстандагы элчисин кызматтан бошотту

Украинанын президенти Владимир Зеленский Валерий Жовтенкону  Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматынан бошотту.

Тиешелүү жарлыкка 3-августта кол коюлган. Документте кызматтан бошотуунун себептери көрсөтүлгөн эмес.

Ошондой эле Зеленский дагы бир нече элчини кызматтан алды. Тактап айтканда, АКШдагы элчи Ольга Стефанишина, Австриядагы элчи Василий Химинец, Тажикстандагы элчи Валерий Евдокимов, Тунистеги жана Ливиядагы элчи Владимир Хоманец, ошондой эле Сингапурдагы жана Брунейдеги элчи Екатерина Зеленко кызматтан бошотулду.

Мындан тышкары, Владимир Омельченко Украинанын ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул кызматка Виктория Лялина-Бойко дайындалды.

Валерий Жовтенко Украинанын Кыргызстандагы элчиси кызматын 2018-жылдын августунан бери аркалап келген. Украинанын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын жаңы башчысын дайындоо тууралуу маалымат азырынча жарыялана элек.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз