"75чинин каты": Башкы прокуратура Бишкек сотуна кайрылды
Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи май райондук сотунун «75 кишинин каты» боюнча өкүмүнө карата апелляциялык сунуш киргизди.
Өкүм Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев, Бактыбек Талгарбеков, Аалы Карашев, Эмил Узакбаев, Курсан Асанов жана Курманбек Дыйканбаевге карата чыгарылган.
Мамлекеттик айыптоочулар Кылмыш-процессуалдык кодексинин 397-беренесинин негизинде апелляция менен кайрылышты.
2-июлда Биринчи май райондук соту 8 адамга карата өкүм чыгарган. Алар:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары - УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев;
- мурдагы башкы прокурор жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев;
- мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу;
- ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов;
- мурдагы депутат Аалы Карашев;
- саясатчы Эмилбек Узакбаев;
- саясатчы Бекболот Талгарбеков;
- президенттин ЖКдагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.
Булардын баары кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча акталып, бирок бийликти күч менен басып алуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Алар үч жылдык пробацияга кесилген.
«75 кишинин каты» — мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууга байланыштуу.
Буга чейин Камчыбек Ташиев Бишкек шаардык сотуна даттанган болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

