УТРКнын "Телекүзөт" программасынын редакторун сабаган жаран кармалды

Бишкекте Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Телекүзөт» программасынын редакторун сабаган адам кармалды.

Видеодон эркек киши жабырлануучуну бир нече жолу урганын көрүүгө болот.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга К.Ж. аттуу жаран жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз эркек киши Анкара көчөсүндө денесине залал келтирип, андан соң качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты. Ал 1995-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаран болуп чыкты.

Эркек киши кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз