Кыргызстанда кыргыз каганатынын негиздөөчүсү тууралуу кино тартылды
Кыргызстанда 19-сентябрдан тарта кыргыз элинин тарыхына арналган «Барсбек каган» аттуу тарыхый көркөм тасма чоң экрандарга чыгат. Долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата даярдалган.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, бул тасма беш толук метраждуу фильмден турган «Каганат» киноэпопеясынын алгачкы бөлүгү болот. Долбоор кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, улуттук баалуулуктар жана тарыхый-маданий мурас тууралуу баяндайт.
Тасма заманбап кинотехнологиялардын жана жасалма интеллекттин (AI) жардамы менен тартылган. Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз улуттук «Манас» театры да катышкан.
Барсбек каган — Хакас-Минусин ойдуңундагы Енисей кыргыздарынын башкаруучусу жана Кыргыз каганатынын негиздөөчүсү. Алгач бек наамын алып жүргөнү менен кийин өз мамлекетинин толук эгемендүүлүгүн билдирген каган титулун кабыл алган. Экинчи Түрк каганатынын башкаруучулары да Барсбектин кагандык титулун расмий тааныган.
Ал VII кылымдын аягы — VIII кылымдын башында Енисей кыргыздарын башкарган, эрте орто кылымдагы Кыргыз каганатынын эң белгилүү өкүмдарларынын бири болгон. Тарыхый булактарда Барсбек каган кыргыз мамлекетин бекемдеп, анын Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер арасындагы саясий макамын тааныта алган башкаруучу катары сүрөттөлөт.
Жазма булактарга ылайык, Барсбек каган мамлекеттин көз карандысыздыгын сактап калуу үчүн жигердүү тышкы саясат жүргүзгөн. Бирок 711-жылы Экинчи Түрк каганатынын аскерлери Енисейге жасаган жортуул учурунда салгылашта курман болгон.
Ошого карабастан, Барсбек каган Кыргызстандын тарыхында эрте кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизги инсандарынын бири, эгемендүүлүк менен элдин биримдиги үчүн күрөштүн символу катары бааланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

