Энелик бакыт менен спорттук ийгилик

Альбина Таштемирова  ОшТУнун Гуманитардык-технологиялык колледжинин Коомдук жана табигый илимдер борборунун башчысы болуп эмгектенет. ОшТУ да жетекчилик тараптан, кесиптик бирлик тарабынан уюштурулган волейбол боюнча оюнда колледждин атынан ГТК командасында ойнойт. Билими жогорку, ОшМУнун физика- математика факультетин бүтүргөн. Математика окутуучусу, колдонмо математика информатика багыты боюнча магистр. “Эне Даңкы” медалынын жана 7 баланын бактылуу энеси. 

-Альбина айым, саламатсызбы? Спорттун бул түрүнө кандайча келип калдыңыз?

-Жашоомдун спорт менен айкалышып калышына мектептеги дене тарбия мугалимим Исмаилов Маман агайымдын таасири чоң. Өзүмдүн кызыгуум да түрткү болду десем болот. Ал эми балалуу болгондон кийин болсо, балдар менен чогуу ойноп, жолдошум да колдоп, демилгелеп, айтор, үй-бүлөлүк команда түзулдү десем да болот. Окуучлук курак, студенттик мезгил, андан кийин болсо үй-бүлөлүү болгондон кийин дагы кызыгуум жоголбой ойноп келе жатам. 

-Азыркы убакта кайсы командада ойноп жатасыз?

-Ош технологиялык университетинин “Эжекелер курама командасында” ойноп жүрөм. Мындан сырткары Кара-Кулжа региондук командасында да бармын. Бул боюнча  Кыргыз республикасынын волейбол федерациясынын республикалык чемпионаты  «Энелер Лигасынын» 5-турнирине Кара-Кулжа командасы 1-жолу катышып, чу дегенде эле республикалык деңгээлге чыгып келип ийгиликтүү оюн көргөзгөнү  жетиштик.

Азыр спортко көңүл бурулуп көп оюндар уюштурулуп турат. Ош шаарындагы окуу жайлар ортосунда уюштурулган мелдештерде дайыма 1-орундарды ээлеп келебиз. Ысык-Көлдөгү "Кыргыз Деңизи" пансионатында өткөн "Ден соолук спартакиадасы -2023" окутуучулар арасындагы спорттун волейбол түрү боюнча 40 жаштан жогорку категорияда ОшТУнун эжекелери 1-орунга  жетишишти. Жакында Ош технологиялык университетинде КРнын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан ЖОЖдор жана райондор арасында уюштурулган спорттун 7 түрү боюнча  “Ден-соолук-2026” спартакиадасы өткөрүлдү. Анда да түштүк аймагы боюнча 1-орунду ээледик.

-Рахмат, ийгиликтериңиздер арбын экен. Эми ушундай бактылуу спортчу эненин үй-бүлөсү, балдары тууралуу да азын-оолак уга кетпесек болбостур?

-Эң чон кызым окууну бүтүп, врач-гинеколог болуп иштеп жатат, чоң уулум ички иштер тармагында иштейт. 2-кызым Германияда окуйт. Дагы бир уулум Польшадан IT тармагы боюнча билим алып келди. Андан кийинки кызым ОшТУда экономика багытында 3-курста окуйт. Кичине кызым менен уулум мектеп курагында.

- Волейбол оюну сизге эмне берди?

-  Волейбол мага көп жакшы нерселерди берди. Ал ден соолугумду чыңдап, күчтүү, шамдагай жана чыдамкай болууга жардам берди. Ошондой эле команда менен иштөөнү, жоопкерчиликти жана тартипти үйрөттү. Волейболдун аркасында жаңы досторду таптым, өзүмө болгон ишенимим артты жана бош убактымды пайдалуу өткөрө баштадым. Бул оюн мага денелик гана эмес, руханий жактан да өнүгүүгө чоң салым кошту.

Азыркы жаштарга айтаарым спорт менен көбүрөөк машыккыла. Өзгөчө волейбол сыяктуу командалык оюндар ден соолукту чыңдап, тартипке, жоопкерчиликке жана бири-бириңерди колдоого үйрөтөт. Ден соолук — эң чоң байлык. Ошондуктан убактыңарды пайдалуу өткөрүп, жаман адаттардан алыс болуп, алдыга максат коюп, аны ишке ашырууга аракет кылгыла. Спорт силерди күчтүү, чыдамкай жана өзүнө ишенген инсан кылат.

-Чоң рахмат, ишиңизге ийгилик.
 

Маектешкен:. Гүлзада Өскөнбаева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз