Роналдону кумир туткан жаш футболчу

Футбол – жөн гана оюн эмес, ал тартипти, эмгекти жана жеңишке болгон умтулууга тарбиялаган улуу спорт. Дал ушундай максатты көздөп, бүгүнтөн баштап келечегине бекем кадам таштап келе жаткан жаш таланттардын бири – Рамазан Алдаяров.

Рамазан 2017-жылдын 12-июнунда туулган. Ал 8 жашынан тартып «Алай» футбол академиясында машыгып келет. Футболго болгон кызыгуусу академиядагы алгачкы машыгуудан тартып эле жаралган. Мында машыктыруучулардын балдар менен иштөө чеберчилиги, алардын ар бир тарбиялануучуну спортко кызыктырып, шыктандыра билүүсү чоң роль ойногон.

Жаш футболчу машыгууларга жоопкерчилик менен мамиле жасап, ар дайым өзүнүн чеберчилигин арттырууга аракет кылып келет. 

Рамазан Алдаяров 2025-жылы  Ташкент шаарында өткөн жаш өспүрүмдөр арасындагы эл аралык футболдук турнирге катышып, баалуу тажрыйба топтоду. Ал эми 2026-жылы жай айларында Ысык-Көлдө Өзбекстан жана Казакстандан келген жаш футболчулар катышкан эл аралык турнирде «Алай» футбол академиясынын командасы мыкты оюн көрсөтүп, III орунду жеңип алышкан. 

Рамазан дүйнөлүк футболдун жылдызы Криштиану Роналдону  кумир тутат. Анын эмгекчилдигин, тартиптүүлүгүн жана жеңишке болгон умтулуусун үлгү катары көрөт. Ар бир гол киргизген сайын Роналдонун дүйнөгө белгилүү  кыймылын кайталап, сүйүктүү футболчусуна болгон суктануусун билдирет. Балким, дал ушул кыял жана ишеним аны келечекте дагы чоң жеңиштерге жетелейт.

«Бүгүнкү жетишкендиктер – Рамазандын спорттук жолундагы алгачкы, бирок ишенимдүү кадамдары. Талыкпаган эмгеги, машыктыруучуларынын кесипкөйлүгү жана ата-энесинин колдоосу менен ал келечекте Кыргызстандын намысын эл аралык ареналарда татыктуу коргогон белгилүү футболчулардын катарын толуктайт деген чоң ишеним бар», - дешет машыктыруучулары.

Даярдаган: Гулзада Өскөнбаева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз