Быйыл 6 айда Түркияга 26 млнго жакын турист барды

Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой 31-июлда Стамбул шаарында өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы туризм тармагынын жыйынтыктарын жарыялады. Алгачкы алты айда Түркияга 25,8 миллион чет элдик турист келген. Ошондой эле туризмден түшкөн киреше өткөн жылдагы деңгээлин сактап, 25,8 миллиард АКШ долларын түздү.

Министр Эрсой мындай деди:

«Жакынкы Чыгыштагы аймактык чыңалуу жана дүйнөлүк белгисиздик 2026-жылдын биринчи жарымындагы туристтик суроо-талапка таасирин тийгизди. Түркия бул жаңжалга катышпаганына жана өлкөдөгү бардык авиакомпаниялар менен аэропорттор үзгүлтүксүз иштегенине карабастан, Жакынкы Чыгыштын аба мейкиндигинин жабылышы суроо-талаптын бир аз төмөндөшүнө алып келди. 2025-жылдын алгачкы алты айында биз 26,4 миллион туристти кабыл алганбыз. Ал эми быйылкы ушул эле мезгилде 25,8 миллион конокту тосуп алдык. Жылдын экинчи жарымы ийгиликтүү башталды жана азыркы божомолдор жылдын калган бөлүгүндө көрсөткүчтөр кыйла жакшырарын көрсөтүүдө. Биздин стратегиялык демилгелердин аркасында туризмден түшкөн кирешени 2025-жылдагы деңгээлде сактап калып, биринчи жарым жылдыкты 25,8 миллиард АКШ доллары көлөмүндөгү жакшы көрсөткүч менен жыйынтыктадык».

Түркияда туристтердин орточо эс алуу мөөнөтү 0,5%га өсүп, 10,01 түнгө жетти. Ал эми бир түнгө болгон орточо чыгым 2,6%га көбөйүп, 109 АКШ долларын түздү.

Түркияга эң көп турист жөнөткөн үч өлкө мурдагыдай эле өзгөргөн жок:

  • Россия Федерациясы – 2,65 миллион турист;
  • Германия – 2,44 миллион; 
  • Улуу Британия – 1,58 миллион.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз