АКШ Кыргызстандын жарандарына визалык кепилдик киргизди

АКШнын Мамлекеттик департаменти туристтик же иш сапар (B1/B2) визасын алууда визалык залог төлөө милдети киргизиле турган 38 өлкөнүн тизмесин аныктады.

Тизмеге Африка, Азия, Кариб деңизи жана Латын Америкасы аймактарындагы мамлекеттер кирди.
Борбор Азиядан бул тизмеге Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан киргизилди.

Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн бул талап 2026-жылдын 21-январынан тартып күчүнө кирет.

Визалык күрөөнүн өлчөмү

Визалык күрөөнүн суммасы 5 миң, 10 миң же 15 миң АКШ долларын түзөт.

Так сумма консулдук маектешүү учурунда консулдук кызматкер тарабынан аныкталат.

Кыргызстандын жарандары үчүн визалык залог талабы 2026-жылдын 21-январынан тарта колдонулат.

Күрөө талапкер B1/B2 визасын алууга башка бардык талаптарга жооп берген учурда гана алынат. Сумма консулдук маектешүү маалында белгиленет.

Чектелген аэропорттор

Визалык күрөө менен берилген визанын ээлери АКШга кирүү жана чыгуу үчүн төмөнкү аэропортторду гана колдонууга милдеттүү:
Бостон (BOS)
Нью-Йорк (JFK)
Вашингтон (IAD)

Күрөө кайтарылуучу учурлар

Визалык күрөө автоматтык түрдө кайтарылат, эгерде жаран:
АКШдан уруксат берилген мөөнөт бүткөнгө чейин чыгып кетсе;
визаны пайдаланбаса;
чек арадан АКШга кирүүгө уруксат берилбей калса.

Күрөөгө кармалып кала турган учурлар

Төмөнкү учурларда визалык залог кайтарылбайт:

АКШда уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калуу;
мыйзамсыз жүрүү же жашоо;
иммиграциялык статусун өзгөртүүгө арыз берүү, анын ичинде башпаанек (убежище) сурап кайрылуу.

Визалык күрөө киргизиле турган өлкөлөрдүн толук тизмеси жана даталары:
Алжир — 2026-жылдын 21-январы
Ангола — 2026-жылдын 21-январы
Антигуа жана Барбуда — 2026-жылдын 21-январы
Бангладеш — 2026-жылдын 21-январы
Бенин — 2026-жылдын 21-январы
Бутан — 2026-жылдын 1-январы
Ботсвана — 2026-жылдын 1-январы
Бурунди — 2026-жылдын 21-январы
Кабо-Верде — 2026-жылдын 21-январы
Борбордук Африка Республикасы — 2026-жылдын 1-январы
Кот-д’Ивуар — 2026-жылдын 21-январы
Куба — 2026-жылдын 21-январы
Жибути — 2026-жылдын 21-январы
Доминика — 2026-жылдын 21-январы
Фижи — 2026-жылдын 21-январы
Габон — 2026-жылдын 21-январы
Гамбия — 2025-жылдын 11-октябры
Гвинея — 2026-жылдын 1-январы
Гвинея-Бисау — 2026-жылдын 1-январы
Кыргызстан — 2026-жылдын 21-январы
Малави — 2025-жылдын 20-августу
Мавритания — 2025-жылдын 23-октябры
Намибия — 2026-жылдын 1-январы
Непал — 2026-жылдын 21-январы
Нигерия — 2026-жылдын 21-январы
Сан-Томе жана Принсипи — 2025-жылдын 23-октябры
Сенегал — 2026-жылдын 21-январы
Тажикстан — 2026-жылдын 21-январы
Танзания — 2025-жылдын 23-октябры
Того — 2026-жылдын 21-январы
Тонга — 2026-жылдын 21-январы
Түркмөнстан — 2026-жылдын 1-январы
Тувалу — 2026-жылдын 21-январы
Уганда — 2026-жылдын 21-январы
Вануату — 2026-жылдын 21-январы
Венесуэла — 2026-жылдын 21-январы
Замбия — 2025-жылдын 20-августу
Зимбабве — 2026-жылдын 21-январы

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз