Бишкектеги соода борборунун үчүнчү кабатынан 5 жаштагы бала кулап түштү

Бишкектеги «Vefa» соода борборунун үчүнчү кабатынан 5 жашар бала кулап кетти. Анын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу Балдар ооруканасынан билдиришти.

Окуя 11-августта болгон.

Баланын баш мээси жабыркаган. Ага операция жасалып, учурда жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды.

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын кабарлады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз