Мыктыбек Оролбай уулу кезектеги беттешинин алдында физикалык даярдыгын көрсөттү

Кыргызстандык Мыктыбек Оролбай уулу (16-2-1) ушул аптада UFC'деги кезектеги беттешин өткөрөт.

Ал 15-августта Филадельфия шаарында өтө турган UFC 330: Makhachev vs. Machado Garry турниринде октагонго чыгат. Турнир Бишкек убактысы боюнча 16-августка караган түнү өтөт. 

Оролбай уулунун атаандашы АКШлык Жеремайя Уэллс (13-4-1) болот. Беттеш жарым орто салмак категориясында өтөт.

Учурда кыргызстандык мушкер АКШда жана UFC турниринин алдындагы иш-чараларга катышып жатат.

Оролбай уулу беттеш алдындагы фотосессияга да катышып, учурдагы физикалык даярдыгын көрсөттү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз