Көчөмндөр оюндарындагы көпчүлүк иш-чаралардын билети 1000 сомдон болот

Көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар иш-чаралар акылуу болот. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев «Кырчын» этношаарчасынын бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, «Рух-Ордо», Бостери айылы, «Дордой Номад» маданий борборундагы иш-чараларга, ошондой эле ат майдандагы концерт жана көк бөрү менен көкпар боюнча финалдык оюндарга кирүү акылуу болот.

Министр билдиргендей, иш-чаралардын көпчүлүгүнө билеттердин баасы 1000 сомду түзөт. Жабуу аземиндеги билеттердин баасы 1000 сомдон 5000 сомго чейин болот.

«Кырчын» этношаарчасына кирүү акысыз болот», - деп кошумчалады Мамбеталиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз