Кыргызстандын туусун желбиреткен Аруна

“Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет”, “Болоор бала башынан” деген накыл сөздөр кыргыз элинде жөн жеринен айтылбайт. Дегенибиздей, биз баян эте турган кызыбыз кичинесинен элине, мамлекетине сыймык алып келгени кубантарлык көрүнүш. Кыргыз Республикасынын Туусунун бийик желбирешине, дүйнөгө таанылышына, кадыр-баркынын өсүшүнө спортчу кыздар, балдарыбыздын салымы чоң эмсеспи. Андай спортчу кыздарыбыздын бири - Рысбекова Аруна Нурдөөлөтовнанын ысымы элге таанымал.

Айта кетсек, Рысбекова Аруна Нурдөөлөтовна 2010- жылы 12 -майда Ош шаарында туулган. Учурда Ош шаарындагы М.В.Ломоносов атындагы мектеп -гимназиясында 10- класста окуйт. Ал мектепте мыкты билим алуу менен бирге жаш болсо да музыка жана спорт багытында да өзүн сынап, көптөгөн ийгиликтерге жетишип келүүдө. Ош шаарындагы П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинде комуз классында окуйт. Ички руханий дүйнөсүнүн бай болушуна, толук гармониялуу таалим- тарбия алуусуна
улуттук аспап комуздун таасири чоң.

Белгилесек, Аруна кичинекей кезинен зирек, айтканынан кайтпаган кыз болуп чоңойду. Төрт жашынан спорттун каратэ түрү боюнча машыгууларга катыша баштаган. Машыгууларга катышып жүргөнү мыкты натыйжа берип, 6 жашында Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өткөрүлгөн дүйнөнүн 32 мамлекети катышкан Дүйнөлүк биринчиликте өзү теңдүүлөр арасында дүйнө чемпиону болгон. Азыркы кезде аталган спорттун түрү боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону.

Аруна озү сүйгөн спорттун бул түрү боюнча дайыма машыгууларын токтотпой, дагы жаңы жеништерге ат салышуу үчүн аракеттерин улантып келатат. Мээнетинин акыбети кайтып, Эл аралык мелдештирдин бир нече жолку чемпиону болду. Кара курдун ээси , спорттун чеберчилигине талапкер. 2025- жылдын мыкты спортчусу.

Арунага спорттогу жараткан ийгиликтери жогору бааланып, КР Министрлер Кабинетине караштуу Спорт агенттигинин Ардак грамотасы,
Ыраазычылык каттары менен сыйланган. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жана Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталарынын ээси.

Аруна бош учурларында жогорудагы ийгиликтери менен эле чектелип калбастан, сүрөт тартуу, чет тилдерин үйрөнүүгө да көңүл бурат. Көп чет тилдерин билип, полиглот болуунуу каалайт жана буга дайыма маани берет. Арунанын спорттун каратэ түрү менен кызыгуусуна каратэ боюнча 7 Дан кара курунун ээси, ардагерлер арасында каратэ боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону, дүйнөлүк бир катар мелдештердин жеңүүчүсү, күмүш жана коло медалдарынын жана көптөгөн сыйлыкардын ээси Нурдөөлөт Рысбековдун(бул спортчубуз тууралуу газета бетинен өзүнчө айтабыз) таасири чоң.

Албетте, Арунаны өзүнүн кызыгуусу, аракети, эмгеги өзүнчө мааниге ээ. Арунага шык бергендердин бири 1987- жылы туулган бир тууган эжеси Рысбекова Нурай Нурдөөлөтовна. Ал да 5 жашынан каратэ менен алектенген. Бир топ ийгиликтерге ээ болгон. Бир катар эл аралык
мелдештерде алдыңкы орундарды багынткан жана Ош облустук мамлекеттик администрациясынын, Ош шаардык мэриясынын, Россиянын Санкт-Петербург шаарынын Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары менен сыйланган. Ал учурда МаринХелс Корпорациясынын Кыргызстан боюнча башкы директору болуп иштөөдө.

Аруна спорттук үй- бөлүнүн кызы десек туура болот. 1992 -жылы туулган бир тууган агасы Нурболот дагы каратэ спорту менен машыгып,
Кыргызстандын Туусун бийик желбиретип жүрөт. Каратэ менен 6 жашынан машыгып келүүдө. Кыргыз Республикасынын 2 жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Каратэ боюнча Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси. Кара курдун ээси (“2 Дан”).Албетте, уул, кыздарына шарт түзүп, өзүнүн жардамын аябаган апасы Эркегүл Смааналыеванын ысымын атап кетүбүз абзел. Алардын ийгилигине шериктеш болуп, дайыма жеңишине кубанып олтурган кези.

Даярдаган: К.Кыдыралиева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз