Сынактан жеңген “Ош жаңырыгы” эми спортту жазат
“Ош жаңырыгы” гезити акыркы жылдары спорт тармагындагы мамлекеттик маалыматтык саясатты колдоо багытында системалуу иштерди аткарып келди. Айрыкча “2026–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын алкагында, футбол темасын коомчулукка жеткирүүдө анын социалдык маанисин, коомчулукта бириктирүүчү күчүн жана жаштарга тийгизген таасирин кеңири чагылдырууга басым жасап келет. Гезит беттеринде, өзгөчө гезиттин сайты менен социалдык тармактарында улуттук жана аймактык деңгээлдеги футбол жаңылыктары үзгүлтүксүз жарыяланып турду.
Айрыкча ички чемпионаттагы клубдар аралык оюндар, аймактар алык клубдардын атаандашуусу, башкы машыктыруучулардын тактикалары, оюнчулардын даярдыгы, күйөрмандардын каалосу жана оюу кенен жарыяланып, Кыргызстанда футболго салынган мамлекеттик инвестициялардын натыйжасында ондогон стадиондор реконструкциядан өтүп, бир нече стадион жаңы курулганын кылдат талдап, репортаж жанрында макалаларды тынымсыз чыгарып жатабыз. Аны менен кошо эле кыргыз футболунда билинерлик өсүү болгонун, клубдардын саны 10дон 16га чейин көбөйгөнү – ички чемпионаттын потенциалын дагы да жогорулатканы боюнча маалыматтарды тынымсыз жарыялап келебиз. Бул да болсо биздин редакциянын кыргыз спортуна, айрыкча футболуна кошкон азын-оолак салымы деп билебиз.
Мындан тышкары, спорт аркылуу коомдук диалогду күчөтүүгө багытталган тематикалык макалалар даярдалып турду. Анда спорттун кайсыл гана түрү болбосун ийгиликке жетишип, тынымсыз мээнеттин артында дүйнөлук ареналарда Кыргызстандын байрагын желбиретип жүргөн спортчулар боюнча макала, маек, баяндама жасоо менен алардын өрнөктүү жолун элге жеткирип келүүдөбүз.
Аны менен кошо “Ош жаңырыгы” гезити акыркы жылда эле эмес, 88 жылдык тарыхында спорт темасындагы аналитикалык макалаларды да даярдап келген. Анда спорттун бир канча түрлөрүнүн тарыхы, эрежелери жана маданияты тууралуу түшүндүрмө материалдар жарыяланып, окурмандардын билим деңгээлин жогорулатууга көңүл бурган. Гезиттин бул багыттагы ишмердүүлүгү спортту позитивдүү чагылдыруу менен коомдук аң-сезимди өнүктүрүүгө багытталган.
Гезит мындан ары аймактык улуттук футбол мелдештери, спорттук башка иш-чаралар тууралуу репортаждарды даярдап, жергиликтүү деңгээлдеги спорттук активдүүлүккө басым жасайт. Социалдык тармактар аркылуу да окурмандар менен байланыш күчөтүлүп, интерактивдүү талкууларды, микровидеолорду, макала, маек, фото баяндар уюштурулат.
Анан калса, аймактык спортко көбүрөөк көңүл буруу менен күчтүү спортчуларды өстүрүп чыгууга болот. Биздин максат – ушул жаатта болуп, спорттун кайсыл гана түрү болбосун, мейли футбол, мейли волейбол, мейли бокс, таэквандо, айтор бардык багыт боюнча репортаждарды даярдап, аны менен спорт тармагын көтөрүүгө салым кошкубуз келет. Дегенибиз азыркы учурда мамлекет басым жасаган олимпиадалык спорттун түрлөрү өзгөчө өнүгүп, спортчуларыбыз эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды алып кайтууда. Ушул жана башка маселерди ийне-жибине чейин калтырбай жазып жүрүп, биздин гезит Мадания, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган спорт жаатындагы сынагынын жеңүүчүсү болдук. Андыктан, алдыңкы спорт адистеринин, спортчулардын, коомдук ишмерлердин, күйөрмандардын катышуусу менен коомдук диалогду уюштуруу жана футболду позитивдүү чагылдыруу жаатында талыкпай иштей берерибизге ишенебиз. Бул аракеттер коомдук диалогду кеңейтүүгө жана спортту кеңири аудиторияга жеткирүүгө шарт түзмөкчү.
Бексултан Мамытов
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


