"Баш тарткандарга да рахмат": Мыктыбек Оролбай уулунун жеңилгенден кийинки билдирүүсү

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу «UFC 330» турнириндеги жеңилүүсүнөн кийин билдирүү жарыялады.

16-августка караган түндө Филадельфияда кыргызстандык спортчу АКШнын өкүлү Жеремайя Уэллс менен беттешти. Үчүнчү раундда Оролбай уулу атаандашынын муунтуу ыкмасына кабылып, жеңилип калды.

«Эгер Аллах мени жеңилүү менен сынаса, бул мени бекемдегиси келип жатканын билдирет.

Мен анын эркине баш ием, бирок кыйынчылыктарга эмес.

Жанымда болгондорго чоң рахмат! Ошондой эле баш тарткандарга да рахмат!», - деп жазды спортчу социалдык тармакта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз