Кыргызстанда ЭТТН расмий түрдө жокко чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен 2025-жылдын 1-январынан тартып электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТН) милдеттүү түрдө колдонуу талабы жоюлат (мунайзаттан алынган продукциялардан (сүрүлүүгө каршы майлардан тышкары), алкоголдук жана тамеки продукцияларынан башка бардык товарлар үчүн), деп жазат "Тазабек" басылмасы.
2027-жылдын 1-январынан тартып, ЭТТНди дары-дармектер жана медициналык буюмдар үчүн да милдеттүү колдонуу талап кылынат.
Негизги өзгөрүүлөр:
1. ЭТТНди жокко чыгаруу жана товарларды эсептен чыгаруу
Мамлекеттик салык кызматынын ЭТТН модулунан мунайзат, алкоголь жана тамеки продукцияларынан башка бардык товарлар чыгарылат.
Виртуалдык кампа (склад) системасы мунайзат, алкоголь жана тамеки продукциялары жок болгон учурларда өчүрүлөт.
2. Маркировка коддорун көрсөтүүдөн бошотуу
2026-жылдын 1-апрелине чейин алкоголь жана тамеки продукциялары үчүн ЭТТН документтеринде маркировка коддорун көрсөтүү милдеттүү эмес.
3. Жаңы патент негизиндеги ишмердүүлүк түрү
Жеңилдетилген салык тутумунун алкагында жаңы патенттик ишмердүүлүк киргизилди – бул базарлар менен мини-базарлардын аймагында жайгашкан соода аянттарын ижарага берүү.
Салык төлөмү 1 чарчы метр үчүн белгиленген ставка боюнча эсептелет.
4. Эсеп-фактураларды (счет-фактура) жазып берүү мөөнөтү
2025-жылдын 1-майынан тартып электрондук эсеп-фактуралар товар жеткирилгенден кийин 5 күндүн ичинде жазылышы керек (калкка сатылган товарлардан тышкары).
Жеңилдетилген салык тутуму менен иштеген ишкерлер (0%, 0.1%, 0.5%, 1% ставкалары менен иштегендер, ошондой эле өзгөчө режимдеги соода аймактарында соода кылгандар) эми электрондук эсеп-фактуранын ордуна кагаз түрүндөгү жеңилдетилген эсеп-фактураны колдонсо болот.
5. Эсеп-фактураны кагаз түрүндө берүү милдеттендирилет
Электрондук эсеп-фактура түзгөн салык төлөөчүлөр аны кагазга басып чыгарып, ИС ЭСФке катталган эмес сатып алуучуларга товарды сатып алганын тастыктоо үчүн берүүгө милдеттүү.
6. Электрондук-кагаз эсеп-фактурага өтүү
2025-жылдын 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр жеңилдетилген эсеп-фактураларды кагаз түрүндө түзө алышат.
Бул мөөнөттөн кийин электрондук-кагаз форматындагы эсеп-фактурага баскычтуу өтүү башталат.
Максат жана натыйжалар
Мамлекеттик салык кызматы жогорудагы өзгөртүүлөр салыктык эсепке алууну жөнөкөйлөтүп, бизнеске болгон административдик жүктү азайтууга багытталганын белгилейт.
Технологиялык стандарттарга ылайыкташтырылган, ыңгайлуу жана жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы ишкерчиликтин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, бул багытта иштер улантылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.