"Барс" клубу тарыхында алгачкы ирет Супер кубокту утту

Караколдук «Барс» командасы 2026-жылкы футбол боюнча Кыргызстан Суперкубогунун ээси болду.

Сезондун биринчи сыйлыгы үчүн беттеште өлкөнүн учурдагы чемпиону 19-августта 2025-жылкы Кубоктун ээси «Дордой» менен ойноду.

Оюн Бишкектеги «Алга» спорт комплексинин стадионунда өттү.

Ысык-көлдүк клуб Бекжан Сагынбаевдин дублунун натыйжасында 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

«Барс» 2025-жылкы чемпиондук титулунан кийин 2026-жылкы өлкөнүн Суперкубогун да багындырды.

Караколдук команда учурда өлкө чемпионатында биринчи орунда баратат, ошондой эле Кыргызстан Кубогунун жарым финалында ойнойт.

Ал эми «Дордой» сезонду сыйлыксыз аяктоодо. Бишкектик команда Кубоктон четтеп калган, ал эми чемпионатта 19 турдан кийин 7-орунда келе жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз