Темирлан Султанбеков менен Кадыр Атамбаевдин бөгөт чарасы узартылды

Саясатчылар Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбековго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы узартылды. Бул тууралуу 20-августта «Сводка АКИpress» редакциясына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирген.

Алар учурда камакта кармалууда.

Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков жана дагы бир катар адамдар 2025-жылдын ноябрь айында №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

Алардын арасында:

  • мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев;
  • Султанбековдун айдоочусу Эрмек Эрматов;
  • УКМКнын 9-кызматынын (Мамлекеттик күзөт кызматы) мурдагы башчысы Дамир Мусакеев;
  • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов;
  • мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров;
  • мурдагы саясатчы Урматбек Барыктабасов;
  • жана башка адамдар бар.

ИИМдин версиясы боюнча, шектүүлөр Жогорку Кеңешке болгон шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин массалык башаламандык уюштурууга даярданышкан.

Тергөө маалыматына ылайык, бул топтун курамына саясатчылар, мурдагы депутаттар, экс-мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлери кирген. Алар өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн жана спорт чөйрөсүндөгү адамдарды да тартууга аракет кылышкан.

ИИМдин маалыматына караганда, кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин өлкө боюнча бир катар митингдерди өткөрүүнү пландашкан. Алгач акцияларды түштүк аймактардан баштап, кийин Бишкекке жана башка облустарга жайылтуу аркылуу коомдо массалык нааразылык жаралгандай көрүнүш түзүү көздөлгөн.

Алардын планына антиконституциялык чакырыктарды жасоо, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объектилерин, курал-жарактарды жана жаза өтөө мекемелерин басып алуу аракеттери да киргени айтылган.

Тергөө версиясы боюнча, топтун так түзүмү жана катышуучулардын ортосунда милдеттер бөлүштүрүлгөн. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюшу керек болсо, криминалдык түзүмдөр митингдерге күч колдонуу жагынан колдоо көрсөтмөк.

Мындан тышкары, айрым катышуучулар келечекте ээлей турган кызмат орундарын алдын ала өз ара бөлүштүрүп алышканы айтылган.

2026-жылдын январында Шайлообек Атазов менен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыгарылган. Ал эми июль айында Дамир Мусакеев эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз