Роналду, Бензема баштаган жылдыздар Ташкентке барат

Футбол боюнча Азиянын Элиталык чемпиондор лигасынын негизги этабынын чүчү кулагы өттү.

Бул этапта Ирак, Иран, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Өзбекстандан 16 команда ойнойт.

Ар бир команда 8ден беттеш өткөрөт — 4ү үйдө жана 4ү конокто.

Өзбекстандын учурдагы чемпиону Фергананын «Нефтчиси» өз талаасында Сауд Арабиясынын «Аль-Ахли», «Аль-Хиляль» жана «Аль-Иттихад», ошондой эле Ирактын «Эйр-Форс» командалары менен ойнойт.

Ташкенттик «Пахтакор» өз талаасында сауд арабиялык «Аль-Наср» жана «Аль-Кадисия», ошондой эле ирандык «Эстегляль» жана «Трактор» менен беттеш өткөрөт.

Оюндардын жүгүртмөсү азырынча жок.

Өзбекстанга төмөнкү командалар келиши мүмкүн:

- «Аль-Ахли» (Мерих Демирал, Эдуард Сперцян, Айвен Тоуни, Франсишку Тринкан)

- «Аль-Хиляль» (Яссин Буну, Калиду Кулибали, Сергей Милинкович-Савич, Рубен Невеш, Бензема, Малком, Саммервилл Крисенсио)

- «Аль-Иттихад» (Стивен Бергвейн)

- «Аль-Наср» (Криштиану Роналду, Иньиго Мартинес, Жоау Феликс, Коман Кингсли, Мане Садио)

- «Аль-Кадисия» (Начо Фернандес, Юлиан Вайгл, Хулиан Киньонес)

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз