УКМК Threads'тин колдонуучусун кармады
Threads социалдык тармагынын колдонуучусу бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында 1980-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны А.А.М. кармалды.
«Ал бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган билдирүүлөрдү таратып келгени, ошондой эле Кыргыз Республикасында коомдук тартиптин бузулушуна жана коомдук-саясий кырдаалдын туруксуздашына өбөлгө түзүшү мүмкүн болгон материалдарды тараткандыгы аныкталды.
А.А.М. мыйзамсыз мазмундагы жарыяларды жайгаштырууга тиешеси бар экенин мойнуна алды. Учурда ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда», - деп айтылат расмий маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

