Чүйдө №40 автобустун айнегин талкалаган кыздын өздүгү аныкталды
№40 каттамдагы автобустун терезесин таш менен сындырган жаран аныкталды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 19-августта Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында болгон. Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБге арыз түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.
Тергөөдөгү билдирүү боюнча, автобустун айнегин 1998-жылы туулган С.Л. талкалаганы белгилүү болду.
Текшерүүдөгү маалыматка ылайык, ал Новопокровка айылынын борбордук жолунда №40 автобусун күтүп турган жана бир нече автобус токтобой өтүп кеткенине нааразы болгон. Кезектеги автобус келип, анын токтотууга аракеттенген. Айдоочу токтобой койгондо, кыз жол боюнан таш алып, автобустун терезесин көздөй ыргыткан. Натыйжада автобустун айнеги талкаланган.
Учурда автобуска келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо жана болгон окуяга укуктук баа берүү боюнча тергөө иштери уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

