Валентина Шевченконун болжолдуу атаандашы айтылды

Валентина Шевченконун (26-4-1) «UFC'деги» кийинки болжолдуу атаандашы аталды.

«ESPN'дин» маалыматына караганда, кыргызстандык спортчу 4-октябрда эртең менен АКШнын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарында өтө турган «UFC 332» турниринин башкы беттешинде мушташат. Анын атаандашы бразилиялык Наталья Силва (20-5-1) болот.

29 жаштагы бразилиялык спортчу жеңил салмак рейтингинде 1-орунда турат жана 14 беттештен бери жеңилүү ызасын тарта элек. «UFC'де» Силва 8 жолу мушташып, баарында тең жеңишке жеткен. Алардын катарында Андреа Ли, Жессика Андраде, Алекса Грассо жана Роуз Намаюнас менен болгон беттештер бар.

«UFC'де» Шевченко буга чейин бразилиялык спортчулар менен алты жолу мушташып, 4 жолу жеңишке жетсе, 2 жолу жеңилген.

«UFC» бул беттеш тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз