Израилде кавказ мафиясынын башчысына кол салуу болду

Белгисиз адам Израилдин Кейсария аймагында 40 жаштагы ишкер Янис Юшваевди атып салганын «Haaretz», «Kan News» жана «Ynet» маалымат каражаттары жазышты. ММКлар каза болгон адамды кавказ мафиясынын башчысы дешүүдө.

«Пенсионердин кийимин кийген киллер Орусиядан келген 45 жаштагы Янис Юшваевди Кейсария шаарындагы «Аженда» кафесинен чыгып келе жаткан жеринен аткан. Андан соң мафиозинин жан-жөкөрлөрүнө карай бир нече жолу ок чыгарып, качып кеткен», - деп жазышат ЖМКлар.

Видеодо көрүнгөндөй, киши өлтүргүч Юшваевди жана анын жанындагы адамдарды өткөрүп жаткандай түр көрсөткөн, кавказ мафиясынын башчысы жанынан өтүп баратканда тапанчасын алып чыгып, желкесине аткан.

Юшваев ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер анын каза болгонун билдирген.

Полиция кылмыш ишин козгоду. Киши өлтүргүчтү издөө үчүн тик учак тартылып, жолдорго блокпост коюлду.

«Mako'нун» маалыматына караганда, 2015-жылы Юшваев кол салуудан аман калган — кылмышкер Эмил Авшаев маркумду бир тууганынын өлүмүнө тиешеси бар деп эсептеп, өч алуу максатында аны жакын аралыктан аткан. Мафиянын лидери оор жаракат алган, бирок сакайып кеткен, андан кийин Израилден тышкары жашап, бирок бул ага 11 жыл ичинде өз таасирин бекемдөөгө тоскоол болгон эмес.

Ошол эле учурда, «Mako'нун» кылмыш чөйрөсүндөгү булагы билдиргендей, Юшваев башка топтордун өкүлдөрү менен чырдашып жүргөн жана бир нече ай мурун анын башына бир миллион шекель (болжол менен 28 млн рубль) сыйлык жарыяланган. Буга карабастан кылмыштуу топтун башчысы көп учурда жан сакчысыз жүргөн жана ал атылган кафеде түштөнүүнү жакшы көрчү.

Ошол эле учурда, «Mako'нун» кылмыш чөйрөсүндөгү булагы билдиргендей, Юшваев башка топтордун өкүлдөрү менен чырдашып жүргөн жана бир нече ай мурун анын башына бир миллион шекель (болжол менен 28 млн рубль) сыйлык жарыяланган. Буга карабастан кылмыштуу топтун башчысы көп учурда жан сакчысыз жүргөн жана ал каза болгон жайында мурда түштөнүүнү жакшы көрчү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз