Бишкек: Коомдук жайда мушташ чыгарганы үчүн эки кыз кармалды

Бишкекте эки кыз коомдук жайда мушташып, адепсиз сөздөрдү айткандыгы үчүн кармалды, деп билдирет Бишкек ШИИБи.

Буга чейин социалдык тармакта эки кыздын катышуусундагы видео тараган.

Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Свердлов милициясында катталып, сотко чейинки текшерүү башталган. Ишти териштирүү учурунда милиция кызматкерлери чыр-чатактын катышуучуларынын өздүгүн аныкташты — алар 2004-жылы туулган А.Ш. жана 2007-жылы туулган К.С. болуп чыкты. Экөө тең Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Кыздарга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлдү. Материалдар сотто каралганга чейин алар Свердлов милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз