Кыргызстандын даңкын дүйнөгө жар салган Нурдөөлөт Рысбеков
Белгилүү кыргыз спортчусу жана машыктыруучусу, каратэ до боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Нурдөөлөт Рысбеков Жалал- Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кашка- Суу айылында 1958-жылы 8-октябрда туулган. Орто мектепти аяктаган соң жогорку билим алуу үчүн 1982-жылы Ташкенттеги фармацевтикалык инстититутуна “провизор уюштуруучу” адистигине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолунда өлкөнүн фармацевтика тармагында иштеген. 1989 -1994 жылдары Ош облустук аптека башкармалыгында аптекалык кампа бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Кийин аталган башкармалыкта кампа башчысы кызматында иштеген. 1994 -2005- жылдары “Ош фармация” акционердик коомунун башкы директору кызматын аркалаган.
2014-2024- жылдары Ош регионалдык колледжинде медициналык сабактар кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. Учурда ОшМУнун
Медициналык колледжинде фармацевтикалык сабактар кафедрасында окутуучу болуп иштөөдө.
Каарманыбыз өзүнүн кесиптик билимин жогорулатуу жана тажрыйба арттыруу максатында 1990-жылы Украинанын Киев шаарында жайгашкан Дарыгерлердин жана провизорлордун билимин жогорулатуу институтунда окуп, квалификациясын жогорулаткан. 1994 -жылы АКШнын Вашингтон шаарында рыноктук экономика багытында окуудан өткөн. 2020 -жылы Бишкек шаарында “Фармацевтикалык секторду мамлекеттик нормалдаштыруунун заманбап маселелери” багытындабилимин жогорулаткан. Эмгек жолунда фармацевтикалык тармакты жакшыртууда жана жалпы медицина тармагынын өнүгүүсүндө өзүнүн салымын кошуп келатат.
Каарманыбыз Кыргыз Республикасынын медициналык тармагындагы көп жылдык эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосунун мыктысы” төш белгиси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамотасы, КР Профсоюздарынын Борбордук комитетинин Ардак грамотасы, “Манас 1000 жылдыгы” медалы, “Ош 3000” медалы, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
Үй бүлөлүү, жубайы Эркегүл Смааналыева менен эки кыз, бир уулду татыктуу тарбиялашты. Рысбеков Нурдөөлөт өзүнүн негизги кесиптик ишинен тышкары спорттун каратэ түрү менен алектенет жана жаштарды спортко үндөп, мамлекетибиз Кыргызстандын даңкын дүйнөгө жайылтып келатат. Бир катар республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерге катышып жеңүүчү болуп келүүдө. Каратэ Боюнча VII Дан Кара курунун ээси ( Кыргызстанда жалгыз өзү). Грециянын Афины шаарында каратэ до SKIF боюнча 2009 -жылы өткөн дүйнөлүк чемпионатынын Башкы машыктыруучусу жана катышуучусу болгон. Ошол эле жылы каратэ -до боюнча Одессада өткөн Евразия чемпионатында күмүш байгенин ээси болгон. 2012- жылы Шотокан каратэ боюнча Стамбул шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын коло медалына татыктуу болгон. Тбилиси шаарында өткөн Дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалга ээ болгон. Каратэ WSF боюнча ардагерлер арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Мындан башка да спорттогу ийгиликтери арбын.
Дүйнөлүк чемпионаттарда жана эл аралык турнирлерде бир нече жолу алтын медалдарды уткан (ката жана кумитэ боюнча).Нурдөөлөт Рысбеков спорттогу көрсөткөн жет ишкендиктер үчүн бир катар сыйлыктарга татыктуу болду. Ош мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы, “Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана спорттогу жетишкендиктери үчүн” ТОП KG тарабынан Ардак грамота, Sport Awards-2017 тарабынан “Баатыр” номинациясы менен сыйланган. Ошондой эле Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык кеңеши тарабынан Ардак грамоталары менен сыйланган.
Каратэ -до боюнча Ош облустук федерациясынын тренери, Кыргыз Республикасынын Каратэ до Шотокан WSF боюнча Улуттук Федерациясынын президенти. Каратэ -до боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.
Белгилей кетсек, Нурдөөлөт Рысбеков өзүнүн спорттогу ийгилигин каратэ боюнча 1986- жылы баштаган. Машыктыруучулук иш -аракетине 1990 -жылы жол салган. 1000ден ашуун спортчуларды тарбиялады. Анын тарбиялануучулары республикалык жана эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерде жетишкендиктерге ээ болуп, чемпион аталышууда. Ийгиликтерди жаратышууда.
Даярдаган: Канымжан Кидиралиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

