Айсулуу Тыныбекова 16 жылдан бери катышып жүргөн мелдешке барбай калды
Айсулуу Тыныбекова 16 жылдын ичинде биринчи жолу жайкы Азия оюндарына катышпайт.
2025-жылдын январында спортчу турмушка чыгып, 2026-жылдын февраль айынын аягында эне болгон.
«АКИpress′ке» Мамлекеттик спорт агенттигинен билдиришкендей, Жапониядагы 2026-жылкы Азия оюндарынын катышуучуларынын тизмесине Тыныбекова кирген жок.
33 жаштагы спортчу 2010-жылдан бери биринчи жолу Азия оюндарына барбайт.
Тыныбекова буга чейинки Азия оюндарында алтын жана эки коло медаль утуп алган.
Кийинки Азия оюндары 2030-жылы Катардын Доха шаарында өтөт.
Тыныбекованын Азия оюндарындагы жыйынтыктары
2010-жыл, Гуанчжоу (Кытай)
55 кг чейин - 11-орун
2014-жыл, Инчхон (Корея)
55 кг чейин - 3-орун
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

