VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи. Фоторепортаж
31-августта “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү.
Ачылыш аземи дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегация өкүлдөрү катышты.
Расмий бөлүк башталганга чейин иш-чаранын коноктору үчүн белгилүү ата мекендик эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.
Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөдү.
Азем катышуучу өлкөлөрдүн парады менен уланды. 106 мамлекеттин өкүлдөрү стадиондон өтүштү.
Программада кыргыз элинин көп кылымдык тарыхына жана бай маданий мурасына арналган масштабдуу театралдаштырылган оюн өзгөчө орунду ээледи.
Көрүүчүлөргө көркөм бий композициялары, ат жалындагы өнөрлөр, улуттук ат оюндары тартууланды. Түркүн түстүү шоуга көптөгөн чабандестер жана чыгармачыл жамааттар катышты.
Заманбап технологиялар сахналаштырылган оюндарды толуктады. Аземдин жүрүшүндө масштабдуу визуалдык эффекттерди чыгарган, көрсөтүүнүн таасирдүүлүгүн арттырган лазердик жана жалындуу шоу элементтери колдонулду.
Ачылыш азем майрамдык фейерверк жана белгилүү дүйнөлүк эстрада жылдыздарынын өнөр көрсөтүүсү менен жыйынтыкталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

