Кырчында "Көчмөндөр ааламы" этномаданий шаарчасы иштейт
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасы уюштурулат. Бул тууралуу ДКОнун медиаштабы билдирди.
Бул жерде негизги маданий жана спорттук иш-чаралардын бир бөлүгү өтөт. Анын ичинде ордо, жаа атуу, бүркүт менен аңчылык сыяктуу мелдештер, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, этнокулинария, айтыш жана кыргыздын салттуу каада-салттарын сахналаштырып көрсөтүү уюштурулат.
Маданий программа республикалык кербендин жана чет өлкөлүк коноктордун «Биримдик кербени» менен келүүсүнөн башталат. Башкы «Кут Ордо» сахнасында «Дүйнө-Өмүр» аттуу театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» программасынын ачылышы болот. Андан соң чет өлкөлүк өнөрпоздордун концерттик программасы тартууланат.
Маданий программанын негизги иш-чараларынын бири — боз үйдү тез тигүү жана кайра жыйноо боюнча республикалык «Шамдагайлар» сынагы. Ошондой эле «Жашоо жарыш» аттуу эстафеталык мелдештер, кыргыз жана казак акындарынын эл аралык «Ырчылардын ыр эрөөлү» айтышы, «Кыз-жигит Сармерден» программасы өтөт.
Мындан тышкары, «Башат» программасынын алкагында байыркы кыргыз жоокеринин реконструкцияланган курал-жарак жана соот кийимдери көрсөтүлөт.
4-сентябрда «Көчмөн кайрык» этно-ыр, «Бий ыргак» этно-архалык бий жана «Саркеч» улуттук кийимдер сынактары өтөт.
5-сентябрда «Биримдик кербенинин» парады уюштурулуп, андан соң «Көчмөндөр ааламы: жандуу мурас» маданий программасынын жабылыш аземи өтөт. Ошондой эле республикалык сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланат.
Өзүнчө программа «Көчмөндөр айылы» аттуу аймакта уюштурулат. Бул жерде Кыргызстандын облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ордолору жайгашат.
Анда улуттук тамак-аш боюнча «Көчмөндөр даамы», боз үй боюнча «Мыкты кыргыз боз үйү», кол өнөрчүлөр арасында «Уз-уста» республикалык сынактары өткөрүлөт.
Ошондой эле кыргыз элинин салт-санааларын жана каада-салттарын чагылдырган театралдаштырылган көрсөтүүлөр тартууланат. Алардын арасында «Үй көтөрүү», «Кыз узатуу», «Тушоо кесүү», «Жентек той — бешикке салуу», «Хан көтөрүү», «Келин алуу» жана башка салттар бар.
Этномаданий шаарчанын аймагында өзүнчө тематикалык ордолор иштейт. Анда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулуп, кийиз жасоо, тумар жана комуз жасоо, сайма саюу, жыгачка оймо түшүрүү, шуру менен кооздоо, шырдак жана кийиз буюмдарын жасоо, салттуу токуу өнөрү боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, этномода көрсөтүлүп, улуттук тамактар даярдалат. Музыкалык жана бий программалары да уюштурулат.
Кыргыз аялдарынын салтына жана элдик турмушка арналган атайын аянтчаларда элечек ороо, сайма саюу, шырдак жасоо, улуттук кийимдерди даярдоо, салттуу каада-салттар, элдик оюндар жана кол өнөрчүлүк көрсөтүлөт.
Айрым ордолордо тогуз коргоол боюнча сабактар, комуз чертүү, ала кийиз жасоо жана салттуу кийим тигүү боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.
Спорттук программа
Этномаданий шаарчанын спорттук аянтчасында ордо, алыс аралыкка ат чабыш, бүркүт менен аңчылык, жаа атуу, таяк тартыш, аркан тартыш, стронгмен, жилик чабуу жана башка спорттук мелдештер өтөт.
Ошондой эле далба, куш салуу, армрестлинг, сырткы күрөш, сумо жана башка мелдештер уюштурулат.
Көрсөтмөлүү мелдештердин катарында улуттук классикалык күрөш, кулатуу, лянги, Lucta Italica, чидаоба, Haft Sang, пенчак силат жана Naga Wrestling спорт түрлөрү бар.
4 жана 5-сентябрда алыс аралыкка ат чабыш, ордо, бүркүт менен аңчылык, жаа атуу, стронгмен жана башка спорттук мелдештер улантылат.
Кырчын жайлоосундагы «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасында өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга кирүү акысыз.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

