«Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы расмий ачылды
Бүгүн, 2-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалынын расмий ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышып, фестивалдын катышуучуларын жана конокторун куттуктады.
Өз сөзүндө Союзбек Надырбеков «Көчмөндөр санаты» фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы: доорлор байланышы» дүйнөлүк этномаданий фестивалынын маанилүү маданий программаларынын бири экенин белгиледи.
Анын айтымында, фестивалга дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн аткаруучулар, окумуштуулар жана изилдөөчүлөр катышууда. Иш-чара салттуу музыкалык өнөрдүн өкүлдөрүн, кесипкөй музыканттарды, окумуштууларды, устаттарды жана жаш аткаруучуларды бирдиктүү эл аралык илимий-чыгармачылык аянтчага чогултту.
«Кылымдар бою муундан муунга оозеки түрдө өтүп келген күүлөр, аспаптык чыгармалар, эпостор, дастандар жана аткаруучулук салттар — адамзаттын маданий мурасынын баа жеткис бөлүгү. Фестивалдын максаты — бул улуу мурасты сактоо менен гана чектелбестен, аны илимий жактан изилдөө, өнүктүрүү жана заманбап шарттарда кеңири жайылтуу», — деди ал.
Фестивалдын программасында эл аралык сынак, илимий-практикалык конференция, мастер-класстар, «Көчмөндөр санаты — Дүйнө обондору» аттуу эл аралык чыгармачылык музыкалык диалогдор, концерттик программалар, подкаст-интервьюлар жана «NOMADIC HERITAGE» студиясында аудиовизуалдык жазуулар уюштурулат.
Иш-чара гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

