Күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча жыйынтыктар
Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында татар күрөшү боюнча 100 кг жогорку салмак категориясындагы балбандар күч сынашты. Бул мелдешке жалпысынан 32 мамлекеттин балбандары катышты.
Ал эми пахлавани (Иран күрөшү) боюнча 90 кг жогорку салмак категориясында жалпы 36 мамлекеттин балбандары күч сынашты.
Кореш боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Радик Салахов (Орусия)
2-орун Баяман Мыктыбеков (Кыргызстан)
3-орун Мерсад Шахери (Иран)
Пахлавани боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жоозегани Мостафа Тагхани (Иран)
2-орун Сейтек Догдурбек уулу (Кыргызстан)
3-орун Бат-Орших Батсуури (Монголия)
Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун 100.000 сом
2-орун 80.000 сом
3-орун 50.000 сом
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


