Ош шаарына 2,7 млрд, Ош облусуна 4 млрд сом бөлүндү
Ош шаарынын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга Респбуликалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом, ал эми Ош облусунун автожолдорун оңдоого өлкөнүн турукташтуруу фондунан 4 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарада сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2,7 млрд сомдун эсебинен шаардагы 11 негизги көчө капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле тротуарлар жана жашыл аймактар жаңыланып, эскилиги жеткен жол оңдоочу техникалар жаңыртылат.
Ал эми Ош облусунун жолдорун жакшыртууга бөлүнгөн каражат Өзгөн–Мырза-Аке–Кара-Кулжа, Ош–Баткен–Раззаков автожолунун Ноокат–Кызыл-Кыя бөлүгү жана Ош–Кара-Суу автожолдорун оңдоого жумшалат.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, бул долбоорлор аймактагы жол каттамдарын жакшыртып, жарандардын жүрүп-туруусун жеңилдетет. Ошондой эле соода-сатыктын жанданышына өбөлгө түзүп, жергиликтүү экономикага оң таасирин тийгизет.
Мамлекет башчысынын айтымында, бул өңдүү инфраструктуралык долбоорлор мындан ары да уланып, өлкөнүн бардык аймактарындагы жолдорду жакшыртуу иштери баскычтуу түрдө жүргүзүлөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.