Таласта Эгемендүүлүктү белгилөө иш-чаралары башталды

Бүгүң, 11-сентябрда Талас шаарында президент Садыр Жапаровдун, өлкө жетекчилигинин жана меймандардын катышуусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн (31-август) белгилөө башталды.

Быйыл Кыргызстан эгемендигинин 35 жылдыгын белгилеп жатат. Акыркы бир нече жылдан бери Эгемендүүлүк күнү өлкөнүн ар кайсы аймактарында майрамдалууда. 11-12-сентябрда иш-чаралар Талас облусунда, атап айтканда Талас шаарында өтүп жатат.

Кеңешбек Нуржанов атындагы сейил бакта мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду.

Меймандардын арасында мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңешинин төрагасы Медеткан Шеримкулов, депутаттар жана мурдагы аткаминерлер байкалды.

Таласта президенттин сапарынын алкагында бир катар объектилердин ачылышы пландалган.

11-сентябрда төмөнкүлөр өтөт:

    • Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Талас аймактык көп тармактуу институтунун жаңы корпусунун ачылышы;

    • Талас үчүн 30 электробустун ачкычын тапшыруу;

    • Талас облусунун борбордук мечитинин ачылышы;

    • «Акылман» президенттик лицейинин жана онлайн режимде 100 социалдык объектинин ачылышы;

    • Таластын борбордук стадионунун ачылышы;

    • «Манас Ордо» комплексиндеги жаңы объектилердин ачылышы;

    • «Баластан» балдар оюн-зоок борборунун ачылышы;

    • Борбордук аянтта Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара.

Аянтта ошондой эле Arash, K-Maro, Nana, Fly Project, Hi-Fi, Согдиана, Кайрат Нуртас жана кыргыз артисттеринин чыгышы күтүлүүдө.

12-сентябрга пландалгандар:

    • Шекер айылында «Айтматов Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин ачылышы;

    • Боо-Терек айылында буурчакты сатып алуу, кайра иштетүү жана экспорттоо боюнча заводдун ачылышы;

    • Онлайн режимде дагы 100 социалдык объекттин ачылыш аземи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз