Бишкекте Борбордук Азиядагы эң бийик аттракцион иштеп баштады

Бишкектеги Асанбай кичи районунда 9-сентябрда «Асман» сейил багынын ачылышы болду.

Ачылыштын алкагында концерт уюштурулду. Анда орусиялык ырчы Миа Бойка да ырдады.

Мэр Айбек Жунушалиев сейил бак кароосуз калган эски парктын аймагында курулганын билдирди.

«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында инвестиция тартылды. Алгач бул инвестициялык келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу үчүн 250 млн сом көлөмүндө инвестиция тартылышы керек болчу, бирок бул сумма 1 млрд сомдон ашты.

Биз парктын аймагынын 70 пайызы жашыл зона болушу керек деген талап койгонбуз. Бүгүнкү күндө бул талап аткарылды. Андан тышкары, унаа токтотуучу жайлар түзүлдү. Биз аттракциондорду жаңыртууну талап кылдык. Балдар үчүн ачык аттракциондордон тышкары 4 мезгил бою  кызмат көрсөтө алган жабык аттракциондор да түзүлдү.

Бишкек шаарынын кооз жерлеринин бири катары бийиктиги 92 метр болгон айланма аттракцион болуп калды, ал бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы эң бийик айланма аттракцион болуп саналат, ошондуктан аны «Бишкек жылдызы» деп аташты», - деди Жунушалиев.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз