Лукашенко Беларусь армиясынын даярдыгы текшерилерин билдирди
Александр Лукашенко беларус армиясы масштабдуу түрдө, жадагалса мобилизацияга чейин текшерилерин жарыялады. Бул тууралуу БелТА жазды.
Анын айтымында, аскерлерди «титиретүү» керек. Текшерүүлөр буга чейин танк жана мотоаткычтар бөлүктөрүндө жүргүзүлгөн, ал эми азыр артиллериялык бригадада өтүүдө.
Мамлекет башчы өлкө согушка анын алдын алуу үчүн гана даярданып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле Лукашенко кичүү уулу Николай учурда эң татаал армиялык бөлүктө жашыруун түрдө лейтенант болуп кызмат кылып жатканын айтты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

