Ташиевдин жактоочусу судьялардын иш-аракетин текшерүүнү суранды
Жактоочу Икрамидин Айткулов Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, 75 кишинин каты боюнча ишти караган Бишкек шаардык сотунун судьяларынын аракеттерин текшерүүнү суранды, деп жазат "Баракелде".
Айткулов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жактоочусу болуп саналат.
Коргоо тарап апелляциялык инстанция айыпталуучуну жана анын жактоочуларын алдын ала эскертпестен, айыпты КР Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесине (шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) өзгөрткөн деп эсептейт.
Жактоочу шаардык соттун соттук коллегиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерине кылмыш-жаза баасын берүүнү суранууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

